Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаар-II»: Кытай компаниясы техникалык кызмат көрсөтөт

Кыска кабар | 16 Сен 2019 | 713 | 0

«Коопсуз шаар» долбоорунун II этабынын алкагында жол кыймылын бузууларды жаздыра турчу фото жана видео аппараттардын жардамы менен топтолгон маалыматты автоматтык берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн өткөрүлгөн тендердик сынакта «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясы жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Сынактын катышуучулары тарабынан төмөнкүдөй баалар сунушталган:

  1. «Вега — Радиотүзүлүш концерни» акционердик коому – 4 802 338 446 сом;
  2. «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясы – 2 654 558 940 сом;
  3. «Маалыматтык коопсуздук куруму» ЖЧКсы – 5 067 794 340 сом;

Тендер өткөрүүдө максималдуу ачыктык, натыйжалуулук жана калыстыкты камсыздоо максатында комиссиянын курамына УКМКнын, ИИМдин, Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, Транспорт жана жол министрлигинин, Бишкек шаардык мэриясынын өкүлдөрү киргизилген. Мындан тышкары, байкоочу катары жарандык коомдун жана Жогорку Кеңештин өкүлдөрү киргизилген.

Мындан кийинки жол-жоболор Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык ишке ашырылат.

Copyright © 2017 Maral FM