Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 17-сентябрда айрым аймактарда үшүк жүрөт

Кыска кабар | 16 Сен 2019 | 467 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 17-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлерде абанын температурасы  0…-2° болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 8….13… күндүз: 17…..22°C;

Талас облусунда

түнкүсүн: 4….9….күндүз: 17…..19°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 11…..13….күндүз: 22……24°C;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 6…..11….күндүз: 13……18°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: 2….7…..күндүз: 13….18°C;

17-сентябрда Бишкекте күндүз жана түнкүсүн күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 17……22°C, түнкүсүн 11..… 13°C.

Copyright © 2017 Maral FM