Биз менен байланышыңыз

Талас облусунун жетекчиси: Ипподромду бүгүн саат 4кө чейин бүтүрөбүз

Кыска кабар | 16 Сен 2019 | 959 | 0

Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндары башталды.

Программага ылайык, бүгүн, 16-сентябрда саат 10:00дө улуттук ат оюндары башталмак. Бирок социалдык тармактарга ат майдандын курулуш иштери дале аягына чыга электиги боюнча сүрөт, видео маалыматтар тараган. Мындан улам, биз Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгү менен байланышканыбызда, оюндар түштөн кийинкиге жылдырылганын билдирди.

— Негизинен даярдыктар бүтүп калды. Кечки саат 16:00дө көк бөрү оюну башталат. Учурда улакчылар даярдык көрүп жатат. Облустардан келген конокторду мейманканаларга жайгаштырдык», — деди Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев.

Кошумчалай кетсек, 16-сентябрдан 18-сентябрга чейин ат оюндары, ал эми 19-сентябрдан тарта маданий иш-чаралар өтөт. Ал эми, ачылыш жана жабылыш аземин бир күндө — 21-сентябрда өткөрүү мерчемделген.

 

Copyright © 2017 Maral FM