Биз менен байланышыңыз

Орозова: Чек ара боюнча комиссия такыр иш алып барбай жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Сен 2019 | 441 | 0

Чек ара боюнча көйгөйлөр чечүүчү ыйгарым укуктуу органдардын шалаакылыгынан улам жаралууда. Анткени, делимитация, демаркация боюнча өкмөттүк комиссия жерди тактоодо элдин пикири эске алынбагандыктан, түрдүү нааразычылыктар чыгууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Эл өкүлүнүн пикиринде, чек ара маселелерин чечүүдө иштин көзүн билген адамдарды саясий себептер менен кызматтан албаш керек болчу.

«Курбанбай Искандаров жакшы иштеп келген. Бирок саясий себептерден улам жумуштан бошотулду. Андан бери көп иштер токтоп калды», — дейт Орозова.

Орозова Баткен облусунун Жака-Өрүк аймагындагы 275 км жерди Кыргызстан пайдаланып жүргөнүн эске салды.

«СССР убагындагы жерди ким пайдаланса, ошого калсын» деген документке таянсак, жер бизде калышы керек. Бул маселе парламенттин тийиштүү комитетинде каралып, атайын комиссияга, прокуратурага тапшырма берилген. Бул жердеги келишимдердин эч бири Жогорку Кеңеште ратификациядан өткөн эмес. Мындан улам ал документти кайра кайтарып алууга мүмкүн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин атайын комиссия такыр иш алып барбай жатат», — дейт депутат.

Ал кошумчалагандай, Аксай-Тамдык жолу толугу менен Кыргызстанга карайт. Ал жолу курулуп бүтсө, тажик тарапка ыңгайсыздык жаралат. Ошондуктан тажиктер тоскоолдук кылууда.

Copyright © 2017 Maral FM