Биз менен байланышыңыз

Бөрүбаев: Чек арада тажиктер шагыл төгүп, иштерин улантууда

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Сен 2019 | 725 | 0

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу, бирок тажиктер шагыл төгүп, иштерин улантууда. Бул тууралуу Лейлек районунун Катраң айылдык кеңешинин депутаты Сапарали Бөрүбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Тилекке каршы, жергиликтүү бийлик өз позициясын алдырып койгондой. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаровдун, акимдин элге да, жогору жактагыларга да, туура эмес маалымат бериши мени өкүндүрөт. Айылдык кеңештердин депутаттары, эл өкүлдөрү маселе кыргыздын кызыкчылыгы үчүн чечилүүсүн талап кылып келгенбиз. Бирок комиссиядагы картаны түшүнбөгөн адамдардын шалаакылыгынан улам маселе жаралууда», — дейт Бөрүбаев.

Ал чек араны тактоо иштери боюнча түзүлгөн комиссиянын курамына мекенчил адамдар кирбей калганын айтты.

«Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү буга чейин бизди кабыл алган эмес. Ушул күнгө дейре акимдер президентке туура эмес маалымат берип келгендиктен, ушундай кырдаал жаралууда», — дейт Бөрүбаев.

Эске салсак, 14-сентябрда Жака-Өрүк айылында такталбаган жердеги жолдун чекесине тажик жарандары 10 машина шагыл төгүп койгон. Андан соң аталган аймакка Кыргызстандын жана Тажикстандын жергиликтүү тургундары чогулуп, кечинде кайра тарашкан.

Ошондой эле, Лейлек районунун Максат айылында такталбаган чек ара аймагына тажик тарап курулуш иштерин баштаган. Кыргыз-тажик Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуп, кыргыз тарап курулуш ишин токтотууну талап кылган.

15-сентябрда Тажикстан тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Чек ара кызматынын башчысын орун басары Абдикарим Алимбаев Баткенге барган.

Copyright © 2017 Maral FM