Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасы: Мамлекеттик чек ара кызматынын биринчи орун басары Баткенге учат

Кыска кабар | 15 Сен 2019 | 679 | 0

Баткен облусундагы Кыргыз-тажик чек арасы жайгашкан аймакта абал туруктуу. Келип чыккан маселени чечүү үчүн бүгүн, 15-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынын биринчи орун басары, полковник Абдикарим Алимбаев Баткенге учат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, 14-сентябрда саат 10:30да Лейлек районунун Максат айылында такталбаган чек ара аймагына тажик тарап курулуш иштерин баштаган. Кыргыз-тажик Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуп, кыргыз тарап курулуш ишин токтотууну талап кылган. Сүйлөшүүлөр дагы уланат.

Баткен районунун Жака-Өрүк айылында кечээ саат 16:00 чамасында такталбаган жердеги жолдун чекесине тажик жарандары 10 машина шагыл төгүп койгон. Андан соң аталган аймакка Кыргызстандын жана Тажикстандын жергиликтүү тургундары чогулуп, кечинде кайра тарашкан.

Пикир келишпестиктердин чыгуусуна жол бербөө үчүн чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик чек ара аймагында абалды көзөмөлдөөдө.

Copyright © 2017 Maral FM