Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Сот-укуктук реформаны камсыздоо үчүн өз убагында каржылоо керек

Кыска кабар | 13 Сен 2019 | 527 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-сентябрда Финансы министри Бактыгүл Жеенбаеваны кабыл алып, мамлекеттик каржыны башкаруу чөйрөсүндөгү азыркы абал менен таанышты. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент республикалык бюджеттин чыгаша жана киреше бөлүгүн аткаруунун жүрүшү, салыктык кирешелердин түшүүсү, сот-укуктук реформаны, ипотекалык насыялоону, райондук маанидеги жолдорду, социалдык турак жай объектилерин курууну, күз-кыш мезгилине даярдык иш-чараларын каржылоо, жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалын жогорулатуу жана аймактарды өнүктүрүү боюнча маалымат алды.

Ушул жылдын август айынын жыйынтыктары боюнча бажы жана салык жыйымдарын чогултуу боюнча оң динамика байкалып жатканы, бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу камсыздалганы белгиленди.

Министр белгилегендей, райондук борборлордун жана шаарлардын жолдорун капиталдык оңдоп-түзөөнү убагында бүтүрүү, жолдорун жана көпүрөлөрдү куруу жана реконструкция боюнча чаралар көрүлүп жатат — бардыгы болуп узундугу 139,8 км. жол куруу иштерин жүргүзүүгө 790,4 млн сом каражат керектелди, бүгүнкү күндө республикалык бюджеттен 600 млн сом акча каражаты бөлүндү.

Жээнбеков экономикалык өнүгүүнүн сапаттуу өндүрүш инфратүзүмүн түзүү үчүн таза суу менен камсыз кылуу, ирригацияны өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик программаларды каржылоо өзгөчө мааниге ээ экенин дагы бир жолу баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле бюджеттин киреше бөлүгүн толугу менен аткаруу, адилеттүү жана көз карандысыз сот системасын курууга багытталган сот-укуктук реформаны камсыздоо боюнча жумуштарды өз убагында каржылоонун маанисин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM