Биз менен байланышыңыз

Ичимдик ичкен айдоочуга 60 миң сом айып пул салуу сунушталды

Кыска кабар | 13 Сен 2019 | 1833 | 0

Ичимдик ичип рулга отурган айдоочулардын айып пулун 50-60 миң сомго чейин көтөрүү керек. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу коопсуз шаар долбоору тууралуу суроого жооп берип жатып билдирди.

«17 миң сом айып пул ичимдик ичип унаа айдап кармалгандар үчүн аздык кылат. Мас айдоочулардын кесепетинен канчалаган адамдар өлүп, оор абалга түшүп, ден соолугунан ажырап калган учурлар болууда», — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM