Биз менен байланышыңыз

Патрулдук милиция 1-октябрда иштеп баштайт

Кыска кабар | 13 Сен 2019 | 376 | 0

Патрулдук милиция 1-октябрдан тарта ишин баштайт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.

Анын айтымында, аталган кызматка 871 орун каралган. Ушул жылдын июль айында кызматка 356 кызматкер кабыл алынган.

«Учурда алар Ички иштер министрлигинде стажировкадан өтүп жатышат. Бул ишке Өкмөт 197 млн сом бөлгөн. Ар бир унаада экиден кызматкер эмгектенет», — деди вице-премьер-министр.

Copyright © 2017 Maral FM