Биз менен байланышыңыз

Мелис Аспеков Чыныбай Турсунбековдун мүлкүн текшертүү үчүн прокуратурага кайрылды

Кыска кабар | 13 Сен 2019 | 2395 | 0

Жарандык активист Мелис Аспеков Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун үстүнөн башкы прокурорго кайрылды. Бул тууралуу Аспеков өзү «Маралга» билдирди. Кайрылууда Чыныбай Турсунбековдун  ишмердигин, чогулткан мүлкүнүн мыйзамдуулугун толук текшерүү өтүнүчү айтылган.

«Бишкек ликер-арак заводун булар атайылап банкрот кылышып, абдан арзан акчага сатып алган. Бул боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок ошол кезде спикер эле. Президент башка болчу. Ишти басып коюшкан. «Акыл Инвест Банкты» да ушундай эле жол менен алган. Салык төлөбөйт деп угам. Өзү мамлекеттик кызматкер болсо, мындай эбегейсиз байлыкты кайдан топтоду? Мунун баарын дыкат текшерип чыккыла деген талап коюп жатам», — деди Мелис Аспеков.

Ал ошондой эле бул Чыныбай Турсунбеков үчүн да пайдалуу экенин кошумчалайт. «Эгер чогулткан байлыктарынын баары мыйзамдуу болсо, анда Чыныбай Турсунбековдун эл алдында жүзү жарык болот», — дейт.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков муну жалаа катары кабыл алганын «Маралга» билдирди.

«Айыптоолордо айтылган иштер буга чейин териштирилген. Соттошулар да болгон. Бул тууралуу кимдер гана айткан эмес. Аягы келип мыйзам бузуулар табылган эмес», — деди Чыныбай Турсунбеков.

Copyright © 2017 Maral FM