Биз менен байланышыңыз

Молдокматов: Жаңы жылдан соң парламенттик шайлоо болушу ыктымал

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Сен 2019 | 1123 | 0

«Замандаш» саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов «Марал» радиосуна берген маегинде жаңы жылдан соң парламенттик шайлоо болуп кетиши мүмкүн экенин белгиледи.

Анын айтканына караганда, эгерде оппозициялык коалиция бириксе, бийликке чоң коркунуч жаралат. Мындайда бийлик парламенттик шайлоону бат өткөрүүгө мажбур болот.

«Өмүрбек Текебаев жакында түрмөдөн чыкты. Ал айланасына тездик менен адамдарды чогулта алат. Адахан Мадумаров да чоң саясий фигура, анткени, президенттик шайлоодо 1 тыйын коротпой, 100 миң добуш алган. Ал эми Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодо 600 миң добуш алган. Ушул сыяктуу саясий фигуралар көп. Алардын баары бийлик менен келишип иштеше албайт жана орун жетпейт. Оппозиция тездик менен чогула калса, бийлик тараптан да саясий блог пайда болушу мүмкүн», — дейт Молдокматов.

Ал кошумчалагандай, парламент — байкалбаганы менен эң күчтүү орган. Жогорку Кеңеште эбегейсиз чоң күч бар, бирок эл өкүлдөрү аны туура эмес пайдаланууда.

Copyright © 2017 Maral FM