Биз менен байланышыңыз

Мугабенин үй-бүлөсү менен бийлик анын жаназасын өткөрүү боюнча келише албай жатышат

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Сен 2019 | 403 | 0

Зимбабвенин каза болгон президенти Роберт Мугабенин үй-бүлөсү аны жерге берүү зыйнатын бийлик өз алдынча чечип койгонуна нааразы.

Маалыматка ылайык, Мугабенин үй-бүлөсү коштошуу зыйнатын кичи мекенинде жабык ортомдо өткөрүүнү каалашкан. Ал эми бийлик жогорку деңгээлде өткөрүп, сөөгүн улуттук баатырлар аллеясына коюуну каалайт.

Экс-президенттин үй-бүлөсү Мугабенин акыркы өтүнүчүн орундатышыбыз керек десе, бийлик тарап анын улуттук баатыр катары акыркы сапарга узатылышы керектигин, аны менен коштошууга 50дөн ашык өлкөнүн мурунку жана азыркы жетекчилери келерин айтууда.

Роберт Мугабе, өлкөнү 37 жыл башкарган, 2017-жылдын ноябрь айында аскердик төңкөрүш аркылуу бийликтен четтетилген жана өткөн жумада 95 жашында Сингапурдагы ооруканада каза болгон.

Зимбабве: Өлкөнү 30 жыл башкарган экс-президент Мугабе кайтыш болду

 

Copyright © 2017 Maral FM