Биз менен байланышыңыз

Өкмөт борбордук стадионду оңдойт

Кыска кабар | 11 Сен 2019 | 563 | 0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 2022-жылы футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионатка тандоо оюндары өтө турган Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Көчмө жыйындын катышуучулары стадиондун, футбол аянтчасынын жана секиченин алдындагы бөлмөлөрдүн абалын жеринен көрүштү.

Акыркы учурларда өлкөдө футболго кызыккандардын саны көбөйүп жатканын, эл аралык оюндар өтөрүн айткан Алтынай Өмүрбекова стадионду оңдоп-түзөө, айрым отургучтарды алмаштыруу керектигин белгиленди.

«Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка тандоо туруна атаандаш командалар гана эмес, алардын күйөрмандары, эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да келет. Ошондуктан стадионду иретке келтирүү керек«, – деди вице-премьер-министр.

Алтынай Өмүрбекова стадиондун жана Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкерлерине зарыл болгон чараларды кабыл алуу жана аренаны даярдоо тапшырмасын берди.

Белгилүү болгондой, 2022-жылы боло турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка тандоо турунун квалификациялык этабында Кыргызстандын Улуттук курамасы «F» тайпасына жайгашкан. Ак Шумкарлар тайпадан чыгуу үчүн Япония, Тажикстан, Монголия жана Мьянма  командалары менен күч сынашат. Дүйнөлүк чемпионат 2022-жылы Катар мамлекетинде өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM