Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков судьяларды тандоо сынагынын сапатын жогорулатууну тапшырды

Кыска кабар | 10 Сен 2019 | 462 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-сентябрда Судьяларды тандоо боюнча кеңештин төрайымы Элмира Барыктабасованы кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков судьялар үчүн тандоо сынагынын сапатын жогорулатуунун маанилүүлүгүнө токтолуп, бош орундарга талапкерлерди кароодо алардын кесипкөйлүгүнө эле эмес, адеп-ахлагына, ыймандуулугуна да көңүл бурууга чакырды. Ошондой эле катуу талаптар Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамына да коюлуп жатканын, анын ишмердигинин ачыктыгын толук камсыздап, бардык мүмкүн болгон коррупциялык коркунучтарды жокко чыгаруу зарыл экенин кошумчалады.

Элмира Барыктабасова мамлекет башчысына сот-укуктук реформаны ишке ашыруунун алкагында Кеңештин ишмердиги жана келечек пландары жөнүндө маалымат берди.

Белгиленгендей, 2017-жылдын декабрынан баштап, ушул жылдын сентябрына чейин Президенттин кароосуна киргизилген 171 судьялык кызматына талапкерлердин ичинен 63 судьянын талапкерлиги негиздүү себептер менен четке кагылып, Судьяларды тандоо боюнча кеңешке кайтарылып берилген.

Copyright © 2017 Maral FM