Биз менен байланышыңыз

Таластын ат майданы 30 млн сомго курулду

Билим-маданият | 10 Сен 2019 | 1326 | 0

Талас облусунда Көчмөндөр оюнун өткөрүү үчүн ат майдан курууга бюджеттен 30 млн сом каражат бөлүнгөн. Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин «Маралга» билдиргенине таянып айтсак, ат майданды оңдоо иштери 15-сентябрга чейин толук кандуу бүтөт.

— Учурда даярдык иштери бүтүп калды. Ипподром салуу үчүн бюджеттен 30 млн сом каражат бөлүндү. Негизги иштер бүткөн, 2 күндүк жумуш калды, буюрса, 15-сентябрга чейин бүтүрүп, улуттук оюнду өткөрүүгө толугу менен даяр болобуз. Маданий иш-чара негизинен «Манас Ордо» комплексинде салтанаттуу түрдө өтөт.  

Ипподром

Улуттук көчмөндөр оюну алгач Талас облусундагы «Манас Ордо» комплексинде өткөрүлмөкчү. Анда тамак-аш, кийим-кече көргөзмөлөрү, кыргыздын улуттук байыркы маданиятына тиешелүү сынактар жана спорт оюндары уюштурулат. Ар бир облус даярдаган программада облустун баалуулугун көрсөтүү талабы коюлган. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков маалымдады.

— Июль айында иш-чаранын жүрүшү бекитилип, ар бир  облуска берилген. Учурда кызуу даярданып жаткан учурубуз. Буга чейин боз үйдү жигиттер тигип келсе, быйыл кыз-келиндер үчүн 75 боз үйдү чечүү сынагы уюштурулуп жатат. Андан сырткары, ар бир облус өзүнүн баалуулугун көрсөтүшү керек. Мисалы, Ош облусу «Сулайман-Тоо», Ысык-Көл облусу «Көл баяны» программалары менен чыгышат.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Канатбек Арпачиевдин берген маалыматына караганда, спорт оюндарына жалпы 6 млн сом каражат бөлүнгөн, анын ичинде спортчулардын кийим-кечек, тамак-ашы да каралган. Ошондой эле бул каражаттын эсебинен спорттук оюндардын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар берилет. Учурда улуттук спорт оюнунун ондон ашуун түрүн көрсөтүү мерчемделүүдө.

— Бүгүнкү күндө курама командалар даярданып жатышат. Спортчулардын кийимдери да тигилип жатат, бөлүнгөн каражатка спортчулардын жол киреси жана тамак-ашы да каралган.  

Көчмөндөр оюнунун башкы режиссеру Эгемберди Чалабаев салтанаттын ачылышын да, жабылышын да бир күнгө белгилеп жатышканын билдирди.

— Ар бир иш-чаранын негизги өзөгү болушу керек эмеспи? «Көчмөндөр ааламы» деген аталыш менен Улуттук көчмөндөр оюнунун ачылыш жана жабылыш аземин салтанатуу түрдө өткөргөнгө аракет кылабыз. Ачылышын да, жабылышын да бир күндө — 21-сентябрда өткөрүүнү туура көрдүк.

Талас облусунун тургуну Адилет атайын каражат бөлүнүп, калыбына келтирүү иштери жакшы жүрүп жатканына кубанууда. Анткени, буга чейин бул облуска өкмөт тарабынан көңүл бурулбай келген.

— Талас облусунда кооз жерлер бар, туристтерди тартуу керек. Өкмөт буга чейин Талас облусуна анча көңүл бурбай келген, ушундай чоң иш-чаралар өтүп турса, жолдор жана башка имараттар оңдолот экен.

Анткен менен 2020-жылы Түркияда өтө турчу Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына оюнчу-өнөрпоздорду алып барууга арбын каражат керек, ал эми жыл сайын өткөрүү бюджетке терс таасирин тийгизери анык. Мындай пикирди Талас шаарынын Азамат аттуу тургуну айтты.

— Бир жылдан кийин эле Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну Түркия мамлекетинде өтөт. Мисалы, катышуучуларды алып баруу үчүн чоң суммадагы каражат керектелет. Ар бир  облуста өткөнү жакшы, бирок экономикалык абалыбыз анча эмес болгондуктан, бюджетке терс таасирин тийгизип коюшу мүмкүн.

Кошумчалай кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун ар эки жылда өткөрүү концепциясы бекитилген. Анын негизинде Кыргызстан үч ирет өткөргөн. Акыркы ирет 2018-жылы өткөн оюнда кийинки, тактап айтканда, 2020-жылкы салтанатты өткөрүү милдетин Түркия мамлекети мойнуна алган. Антсе да, кыргыздын улуттук баалуулуктарын унутта калтырбоо максатында Улуттук көчмөндөр оюнун өткөрүп туруу боюнча президент Сооронбай Жээнбеков чечим кабыл алган. Анын негизинде ар бир облус эстафеталык тартипте жыл сайын оюн уюштуруп берип турмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM