Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз комузу жана комузчулук өнөрү» аттуу илимий конференция өттү

Кыска кабар | 9 Сен 2019 | 1076 | 0

Комуз күнүнө карата Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясында «Кыргыз комузу жана комузчулук өнөр» аттуу илимий-практикалык конференция өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Комуздун жаралуу тарыхы, учурдагы ролу, маани-маңызы тууралуу баяндамалар илимий-практикалык конференцияга Эл артисттери, белгилүү комузчулар, республикадагы музыкалык окуу жайлардын жетекчилери, мугалимдер жана студенттер катышты.

Ошондой эле иш-чара Бишкек шаарындагы орто мектептерде жана музыкалык окуу жайларда билим алып жаткан жаш комузчулардын флешмобу менен коштолуп, конференциянын жалпы катышуучулары Токтогул Сатылгановдун айкелине гүл коюп эскеришти.

Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков «Комуз күнү жөнүндө» жарлыкка 29- июль күнү кол койгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM