Биз менен байланышыңыз

Парламенттин тармактык комитети Каныбек Исаковдун талапкерлигин колдоду

Кыска кабар | 9 Сен 2019 | 1935 | 0

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин колдоду. Бул тууралуу депутат Аида Исмаилова «Марал» радиосуна билдирди.

Буга чейинки Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева сентябрдын башында кызматтан алынган. Андан кийин өкмөт башчы бул кызматка Каныбек Исаковдун талапкерлигин сунуштады.

Акыркы учурда билим берүү жана илим министрлигине карата коомчулук тарабынан сындар күчөгөн. Өзгөчө Нарын облусундагы убактылуу контейнер мектептин ачылышы социалдык тармактарда катуу сынга алынды. Каныбек Исаков буга чейин Ош МУнун ректору болуп иштеп келген.

Copyright © 2017 Maral FM