Биз менен байланышыңыз

Франция: Рекорддук ысыктан 1500 адам көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Сен 2019 | 971 | 0

Ушул жылдын июнь-июль айларындагы ысык аптаптан жалпы 1500 киши каза болду. Алардын көпчүлүгүн кары жана жаш балдар түзгөн. Бул тууралуу Франциянын Саламаттыкты сактоо министри Аньес Бюзен билдирген.

Ошентсе да, бул жыйынтык мурдагыга салыштырмалуу 10 эсе аз экенин белгилеген. 2003-жылы ысыктын айынан 15 миң адам жан берген. Ушул окуядан соң, Францияда ысыктан коргонуу аракети күчөгөн, аптапта өзүн кандай алып жүрүү боюнча эки-үч тилде билдирүүлөр таркатылган.

Бул жайда Францияда эң жогорку температура 46 градусту түздү.

Copyright © 2017 Maral FM