Биз менен байланышыңыз

Эркин Жолчуев: Алаканы чыңдайлы деп, тажиктерди жолугушууга чакырсак келишкен жок

Кыска кабар | 9 Сен 2019 | 353 | 0

Баткендин Ак-Сай айылынын элинин алака түзүү боюнча чакырыгына кошуна Тажикстандын Ворух айылынын эли келбей койду. Бул тууралуу чек ара чырлары көп чыккан Ак-Сай айылынын айыл башчысы Эркин Жолчуев «Маралга» билдирди.

«Тажик тарап менен алаканы түзөлү деп, жолугушууга чакырганбыз. Бирок эч кимиси келген жок. Соода алакалар таптакыр токтоду. Билбейбиз кандай ойлору бар экенин. Алардын маршруттук каттамдары биздин жарандарга токтобойт, кыргыздар менен соода-сатык кылышпайт. Бирок азыркы тапта эки элдин ортосунда чыр-чатак жок», — деди Ак-Сай айылынын айыл башчысы Эркин Жолчуев.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 26-июлунда эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон чек ара чыры эң көп катталган Ак-Сай — Ворух чектешкен аймагынан жолугушкан. Расмий жолугушуунун уландысы Ысык-Көлдө өткөн.

Эки өлкө лидерлери кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин тездетүүнү, маселени жөнөкөйдөн татаалды көздөй принциби менен чечүү боюнча макулдашышкан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM