Биз менен байланышыңыз

Мэриянын батирлерин мыйзамсыз сатып качып кеткен шектүү кармалды

Кыска кабар | 9 Сен 2019 | 506 | 0

Бишкек мэриясынын муниципалдык батирлерин сатып, качып кеткен мэриянын кызматкери кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Бишкек мэриясынын мурдагы кызматкери Баткен облусунун аймагынан Тажикстанга өтүп бараткан учурда кармалган. Учурда ал Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Маалыматка ылайык, шектүү буга чейин Баткен облусунун аймагында жашырынып жүргөн. Ал Түркияга учуп кетүүгө аракет жасаган. Милиция жана Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин биргелешкен аракети менен Тажикстанга өтүп жаткан чек арада кармалган.

«Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары шектүүнүн буга окшогон башка кылмыштарга да катыштыгы болушу мүмкүн деген маалыматты аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралар көрүлүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, Бишкек мэриясынын башкармалыгынын Э. А. аттуу кызматкери 8 муниципалдык батирди мыйзамсыз сатып жиберген. Кийинчерээк, ал экс-мэр Нариман Түлеевден тартылып алынган батирлер экени маалым болгон.

Copyright © 2017 Maral FM