Биз менен байланышыңыз

Комуз күнүнө карата иш-чаралар бекитилди

Кыска кабар | 6 Сен 2019 | 612 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон «9-сентябрды Комуз күнү деп белгилөө» жарлыкка ылайык, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бир катар иш-чаралардын планын бекитти.

Атап айтсак, бул датага байланышкан иш-чаралар 8-сентябрда Ысык-Көл районунун Корумду айылындагы Карамолдо Орозовдун айкелине гүл коюлуп, Куран окулуп, залкар комузчуну эскерүү менен башталат. Ошондой эле комузчулардын концерти да орун алат.

Ал эми 9-сентябрда саат 10до Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын жыйындар залында илимий-практикалык конференция, саат 12.30да Токтогул Сатылгановдун айкелинин алдында залкар акын, чебер күүчүнү эскерүү, 16.30да Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын фойесинде «Комуз — улуттук сыймык» аттуу көргөзмө, 18:00дө аталган мекеменин чоң залында «Таңшысын комуз» аттуу гала-концерт өтөт.

Мындан тышкары, өлкө аймактарындагы бардык коомдук жайларда аталган күнгө карата ар кандай иш-чаралар белгиленип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM