Биз менен байланышыңыз

Карасартова: Президенттик Аппарат интернетке чектөө киргизүү боюнча мыйзам долбоорун демилгелейт

Кыска кабар | 6 Сен 2019 | 967 | 0

Президенттик Аппарат интернетке чектөө киргизүү боюнча мыйзам долбоорун демилгелейт. Аны жакында Жогорку Кеңештин депутаттары талкууга алып чыгышат. Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартова өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

«Мыйзам долбоору азырынча чыга элек, учурда парламенттен демилгечилерди издеп жатышат. «Жакында ушулар демилгеледи», — деп чыгышат. Орусиянын «Закон Яровой» атуу мыйзам долбоору сыяктуу тыюу сала турган континенттерди карашат. Атын айтпай эле коеюн, парламенттен ушундай демилге келгенин айтышты», — деди Рита Карасартова чалып байланышканыбызда.

Copyright © 2017 Maral FM