Биз менен байланышыңыз

Насыр Мусаевдин ордуна жаңы депутат келди

Кыска кабар | 6 Сен 2019 | 462 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы Бектен Сыдыгалиевге Жогорку Кеңештин депутаты мандатын тапшырды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңешке «Кыргызстан» саясий партиясынан депутат болуп шайланып келген Насыр Мусаев жазган арызына ылайык, БШК тарабынан ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтогон. Ошондой эле, бошогон мандаттык орунду партиянын тизмесинде андан кийинки болуп катталган Бектен Сыдыгалиевге берүү боюнча токтом кабыл алынган.

Бектен Сыдыгалиев 1966-жылы Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. Буга чейин УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары, коррупцияга каршы кызматынын башчысы, УКМКнын Казакстандагы өкүлү сыяктуу бир катар кызматтарды аркалап келген. УКМКнын полковниги, Эрдик, Даңк медалдарынын сыйлануучусу. 2015-жылдан бери «Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү.

Copyright © 2017 Maral FM