Биз менен байланышыңыз

Өкмөт балдарга документ берүү Улуттук кампания жүргүзөт

Кыска кабар | 6 Сен 2019 | 440 | 2

Өкмөт 31-декабрга чейин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдарды табуу жана аларга документ берүү боюнча Улуттук кампания жүргүзөт. Бул иш-чаранын алкагында ата-энелер балдарына документти жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ала алышат. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө 1200 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы бул тизменин негизинде туулгандыгы тууралуу күбөлүктү даярдап, балдар жашаган аймактарга алып барып берет.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери эл арасында балдардын документин жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

2 пикир

2 пикир

  1. Кумар

    09.09.2019 19:54

    Бишкектеги Алтын Казык конушунан кабар алгылачы? Жүздөгөн балдардын туулгандыгы тууралу күбөлүктөрү жок.

    • Айжамал Толубай

      Айжамал Толубай

      06.12.2019 13:58

      Саламатсызбы? Номуруңузду жазып калтыра аласызбы?

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM