Биз менен байланышыңыз

Кой-Таш окуясында курман болгон Үсөнбек Ниязбековго «Эрдик» медалы ыйгарылды

Кыска кабар | 6 Сен 2019 | 448 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков УКМКнын атайын бөлүмүнүн кызматкери, маркум Үсөнбек Ниязбековдун үй-бүлөсүнө «Эрдик» медалын тапшырды. Өлкө башчысы сыйлыкты бүгүн Үсөнбек Ниязбековдун апасы — Өктөм Мамаева, жубайы — Назира Базарбаева, бир тууганы — Асанбек Ниязбеков жана уулу — Тимур Ниязбеков менен жолугушканда тапшырды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчысы Үсөнбек Ниязбековдун курман болушу анын үй-бүлөсү, жакындары гана эмес, мамлекет үчүн да чоң жоготуу болгонун баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын 7-августундагы окуяда курман болгон УКМКнын атайын даярдыктагы аскер кызматкери, полковник Ниязбековдун жакындарына көңүл айтып, Үсөнбек бүт өмүрүн Мекенге кызмат кылуу, жарандардын коопсуздугун жана өлкөдөгү тартипти камсыздоого арнаганын эскерди. Террористтик түзүмдөрдү жок кылуу боюнча бир катар операцияларга ийгиликтүү катышып, улуттук коопсуздук органдарынын ар түрдүү мекемелер аралык сыйлыктарына ээ болгонуна да токтолду.

Үсөнбек Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаева: «Өлкөдө тынчтык жана туруктуулук болуп, энелердин көз жашы төгүлбөсүн», — деген каалоосун билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM