Биз менен байланышыңыз

Орусияда Чыгыш экономикалык форуму өтүп жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Сен 2019 | 538 | 0

4-6-сентябрь аралыгында Орусиянын Владивосток шаарында V Чыгыш экономикалык форуму өтүп жатат. Ага 65 өлкөдөн 8,5 миң конок келген. Алардын катарында Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов да бар экенин элчиликтин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

Бүгүн, 5-сентябрь форумдун экинчи күнүнө Орусиянын президенти Владимир Путин да катышып, анда Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мохамад, Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга сөз сүйлөдү.

Форумдун алкагында инвестицияны өнүктүрүү, туризм жана экология, жаңы технологияларды иштеп чыгуу, ошондой эле жаштардын жашоосун жакшы нукка буруу сыяктуу темалар козголду. Көптөгөн ири компаниялар ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, келишимдерге кол коюлду.

Жалпы форум эртең, 6-сентябрда жыйынтыкталат.

Copyright © 2017 Maral FM