Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Өзбекстандын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Кыска кабар | 5 Сен 2019 | 369 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-сентябрда, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидовду өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аяктоосуна байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Комил Рашидовго өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу өз ара аракеттерди алдыга жылдыруу жана бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, премьер-министрдин кеңешчиси — чет өлкөлөрдө иштеген Өзбекстандын жарандарына колдоо көрсөтүү маселеси боюнча Департаменттин башчысы кызматына дайындалышы менен куттуктады.

Комил Рашидов Сооронбай Жээнбековго жана кыргыз тарапка өлкөдөгү жемиштүү дипломатиялык миссиясына көмөктөшкөн түзүлгөн жагымдуу шарттар үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM