Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Рейдде 430 унаа токтотулуп, 68инин салык төлөбөгөндүгү аныкталды

Кыска кабар | 5 Сен 2019 | 390 | 0

Бишкекте өткөрүлгөн бир күндүк рейд учурунда 430 автоунаа токтотулуп, анын ичинен 68 айдоочунун унаа салыгын төлөбөгөндүгү аныкталды. Аларга карата тийиштүү актылар түзүлүп, 43 жаран салыкты жеринен төлөшсө, 31ине салык төлөгөндүгү тууралуу атайын чаптама берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Салык кызматы рейддик иш-чаралар жүрүп жаткандыгына байланыштуу, транспорт каражаттарынын ээлеринен автоунаа айдоо укугуна карата күбөлүк менен техникалык паспортунан тышкары салыктын төлөнгөндүгү тууралуу квитанцияны да ала жүрүүсүн суранат.

Мындан тышкары, транспорт салыгын төлөгөн жарандарга салыктын төлөнгөнү тууралуу атайын чаптама акысыз түрдө берилип жатат. Атайын чаптамаларды автоунаанын маңдайына чаптап коюу менен айдоочулар Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин ашыкча токтотуусунан арылат.

Салык кызматы бир нече жолу эскерткендей, мыйзамга ылайык убагында салык төлөбөгөн унаа ээлери негизги салыктын суммасынан тышкары жеке жактар 1 000 сом, юридикалык жактар 5 000 сом өлчөмүндө административдик айыпты жана ар бир күнгө туумду кошуп төлөйт.

Copyright © 2017 Maral FM