Биз менен байланышыңыз

Өкмөт улгайгандардын жашоосун жакшыртуу үчүн план түздү (тизме)

Кыска кабар | 5 Сен 2019 | 420 | 0

Өкмөт 2019-2025-жылдарга улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планы бекитти. Тиешелүү чечимге  премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

План аркылуу белгиленген иш-чаралардын төрт артыкчылыктуу багыты белгиленген:

  • Теңдик жана басмырлабоо. Улгайган жарандарга карата ырайымсыз мамилени жана зомбулукту болтурбоо боюнча чаралар;
  • Ден соолукту бекемдөө жана ага кам көрүү, улгайган жарандардын сапаттуу медициналык кызматтарга ден соолукту сактоо системасын өркүндөтүү аркылуу жетүүсүн жогорулатуу жана активдүү узак жашоону илгерилетүү;
  • Улгайган жарандардын жашоо циклинин бардык этаптарында байгерчиликти камсыздоо. Улгайган жарандардын арасында кедейликтин деңгээлин кыскартуу;
  • Социалдык кызматтардын рыногун өнүктүрүү жана мамлекеттик эмес секторду колдоо формаларын кеңейтүү аркылуу улгайган жарандар үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо.

Иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында улгайган курактагы калктын өлүмүнүн жана ооруга чалдыгуусунун медициналык-демографиялык көрсөткүчтөрүн 60-74 жаш, 75-89-жаш, 90 жаш жана андан ашкан курактык категориялары боюнча терең талдоо жүргүзүү пландалууда.

Социалдык тейлөө формалары боюнча социалдык кызматтарды көрсөтүүдө улгайган жарандардын муктаждык критерийлерин иштеп чыгуу, республиканын аймактарында социалдык тейлөө уюмдарынын ишине үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү, социалдык тейлөөнүн «асырап алуучу үй-бүлө», «патронаждык кызмат» сыяктуу жаңы формаларынын стандарттарын иштеп чыгуу, жергиликтүү деңгээлде реабилитациялоо борборлорун жана күндүзгү борборлорун, ден соолук мектептерин, улгайган жарандар үчүн хоспистерди түзүү социалдык тейлөөнүн сапатын жогорулатууга багытталат.

Иш-чаралар планында каралган республиканын алыскы жана жетүүгө кыйын  райондорунда жашоочу улгайган жарандарды тейлөө үчүн бир багыттагы адистердин катышуусу менен медициналык-санитардык көчмө кызматты түзүү,  социалдык тейлөө тутумунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу ар бир улгайган жаранга социалдык тейлөөнү алуу мүмкүндүгүнүн жеткиликтүү болушун өбөлгөлөйт.

Иш-чаралар планын ишке ашыруу жалпысынан улгайган жарандар коомдук жашоого, аларды социалдык жактан интеграциялоого,  активдүү жана сапаттуу жашоо образына тартууга өбөлгө түзөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM