Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаардык соту Атамбаевдин кармалышынын мыйзамдуулугун карайт

Кыска кабар | 4 Сен 2019 | 372 | 0

Бишкек шаардык соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча адвокаттардын апелляциялык арызын карайт. Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, сот бүгүн саат 11:00гө белгиленген. Ушул эле сотто адвокаттардын камактагы Атамбаевдин баш коргоо чарасын 26-октябрга чейин узарткан Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы жазган арызын да кароо белгиленди.

Эске сала кетсек, Атамбаевдин баш коргоо чарасын карооо Бишкектин Биринчи май райондук сотуна белгиленип, айрым себептер менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратында өткөн.

20-августта Биринчи май райондук соту Атамбаевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапкан. Ошол эле күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 26-октябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Адвокаттар соттун чечимине макул эмес экенин, отурумдун атайын кызматтын имаратында өткөнү да мыйзамсыз экенин билдиришип, Жазык-процессуалдык кодекстин эрежелери бузулуп жатканын айтышкан.

Copyright © 2017 Maral FM