Биз менен байланышыңыз

Кой-Таш окуясы боюнча түзүлгөн комиссиянын биринчи жыйыны өттү

Кыска кабар | 3 Сен 2019 | 488 | 0

7-8-августта Кой-Таш айылында болуп өткөн окуяны иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын биринчи жыйыны өттү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик комиссияга төрагалык кылган вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей, комиссия мүчөлөрү болуп өткөн окуянын бардык жагдайларын объективдүү жана калыс иликтеп чыгып, бир айлык мөөнөттө Жогорку Кеңешке маалымат берүү үчүн корутунду даярдоого тийиш.

Жыйындын жүрүшүндө коомдук ишмер Турсунбек Акун өзүнүн мүчөлүгүнө каршы чыкты. Ал адеп-ахлактык жана бир катар себептерден улам, аны менен бирге криминалдык төбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууга байланышкан кылмыш ишинде күбө катары болгондугуна байланыштуу комиссиянын ишине катыша албай турганын билдирди.

2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын ишинин регламентин жана иш-чаралар планын талкуулап бекитишти жана комиссиянын катчылыгы түзүлдү.

Комиссиянын катчылыгына Жогорку Кеңешинин депутаты Бакытбек Райымкулов, Юстиция министри Марат Жаманкулов, Өкмөттүк Аппараттын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы Азамат Араев, Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев, коомдук ишмерлер Кубатбек Кожоналиев жана  Алишер Мамасалиев кирген.

Copyright © 2017 Maral FM