Биз менен байланышыңыз

Разаков: Биздин милдет келечек муунга татыктуу билим берүү

Кыска кабар | 2 Сен 2019 | 507 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылындагы Касым Тыныстанов атындагы жаңы мектептин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр билим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышып, окуучуларды, мугалимдерди жаңы окуу жылынын ийгиликтүү башталышы менен  куттуктады.

«Бул жөн гана майрам эмес, алдыга коюлган максат менен ийгиликке жетүү үчүн дайыма өзүң менен өзүң иштөө, билимиңди дайыма тереңдетүү керектигин эскерткен күн. Бүгүнкү күндө мамлекеттин, коомчулуктун, ата-энелердин алдында актуалдуу жана маанилүү делген маселе турат, бул келечек муунга татыктуу билим жана тарбия берүү», — деди Жеңиш Разаков.

Анын айтымында, учурда 2026 мектеп интернетке кошулду, бул 94,7% пайызды түзөт. Бул жылы 157 билим берүү мекемесин куруу боюнча тизме бекитилди. (111 мектеп, 10  кошумча жаңы корпус, 24 бала бакча, 11 спорт зал).

Жеңиш Разаков Өкмөттүн атынан мектеп жетекчилигине компьютердик жабдуулардын топтомун алуу үчүн сертификат тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM