Биз менен байланышыңыз

УКМК жемкорлордон 11 млн сом өндүрдү

Кыска кабар | 2 Сен 2019 | 429 | 0

2-сентябрында Улуттук коопсуздук комитети тарабынан Өкмөттүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298-токтомуна ылайык Каржы министирлигинин Бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги 11 млн. сом өлчөмүндөгү акча каражат которулду. Бул тууралуу аталган комитеттин маалымат кызматы билдирди.

УКМК коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында мамлекетке кайтарылган каражаттардын жалпы суммасы депозиттик эсептин ачылганынан бери 283 млн. 535 миң 391 сомду түздү.

Copyright © 2017 Maral FM