Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Алдыбызда чече турган маселелер көп

Кыска кабар | 31 Авг 2019 | 452 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыргызстандыктарды өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, Абылгазиев куттуктоо сөзүндө Кыргызстан 28 жылдын ичинде көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан, мамлекеттүүлүк институттарын сактап, дүйнөлүк аренада татыктуу орунга ээ болгонун белгилеген.

Өкмөт башчы алдыда жарандардын бакубатчылыгын жогорулатуу, калкка сапаттуу мамлекеттик, медициналык жана билим берүү кызматтарын көрсөтүү, экономиканы жана аймактарды өнүктүрүү, чек аралык кызматташтыктарды бекемдөө боюнча олуттуу иштер турганын эске салган.

«Бул милдеттердин баарын биримдикте гана, бийлик менен элдин ортосунда түз сүйлөшүүлөрдү орнотуу жолу менен чечүүгө болот. Биздин жалпы күч-аракетибиз аркылуу Кыргыз Республикасы гүлдөгөн, динамикалуу өнүккөн мамлекет болот деп ишенем. Мында ар бир жаран кесиптик жана жеке чөйрөдө ийгиликке жетише алат», — деп айтылат куттуктоодо.

Абылгазиев кыргызстандыктарга бакубат жашоо жана иштерине ийгилик, ал эми Кыргызстанга тынчтык, гүлдөп-өсүү жана өнүгүүнү каалаган.

Мындан сырткары кыргыз элин жана Абылгазиевди Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен:

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев;

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай;

Словакия өкмөтүнүн төрагасы Петер Пеллегрини;

Эстониянын премьер-министри Юри Ратас;

Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан;

Беларусь Республикасынын премьер-министри Сергей Румас жана Өзбекстанстдын премьер-министри Абдулла Арипов куттуктады.

Белгилей кетсек, бүгүн 31-августта Кыргызстан Эгемендүүлүк күнүн белгилеп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM