Биз менен байланышыңыз

Сентябрдан виртуалдык контролдук-кассалык машиналар боюнча эксперименттик долбоору ишке кирет

Кыска кабар | 30 Авг 2019 | 418 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 1-сентябрдан баштап 31-декабрга чейин Бишкек шаарынын аймагында реалдуу убакыт режиминде виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча пилоттук долбоорун сынактан өткөрөт. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат кызматы билдирди.

«Реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды берүү функциясы бар виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча пилоттук долбоор жөнүндө» өкмөттүн токтомуна 26-августта кол коюлду.

Виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды колдонуп көрүү ишкерлерге жеткиликтүү ККМди тандоо укугун берет. Мында пилоттук долбоорду жүргүзүү мезгилинде ыйгарым укуктуу салык органы жана виртуальных ККМ операторлору тарабынан аларга акысыз негизде виртуалдык ККМ берилет (Android, iOS жана Windows операциялык системаларына кардардык тиркеме түрүндө ишке ашырылуучу программалык камсыз кылуу).

Эксперименттик режимдеги долбоор менен иштөө виртуалдык ККМди колдонуу менен жүргүзүлүүчү акчалай эсептешүүлөр жөнүндө реалдуу убакыт режиминде маалымат берүү технологияларын оптималдуу колдонууга жана экономикалык натыйжалуулугун аныктоого, виртуалдык ККМди колдонуунун техникалык мүмкүнчүлүгүн аныктоого жана белгилөөгө, көрсөтүлгөн талаптардын ишке ашырылышын жана натыйжалуулугун баалоого мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, виртуалдык ККМ болуп, электрондук түзүлүштөргө (персоналдык/өтмө компьютер, уюлдук телефон жана башка ушул сыяктуу түзүлүштөр) орнотулуучу,  анын жардамы менен кассалык операцияларды жүргүзүүчү, ишкерлерге таандык болгон программалык камсыздоо.

Copyright © 2017 Maral FM