Биз менен байланышыңыз

Коррупциядан түшкөн акчага канча мектеп курулары айтылды

Кыска кабар | 30 Авг 2019 | 663 | 0

Коррупция менен күрөшүүдөн Бирдиктүү депозиттик эсепке 2018-жылдын 3-июнунан ушул жылдын 26- августуна карата 1 млрд 563 млн 429 миң 605 сом акча каражаты түшкөн. Ал эми 2019-жылдын 1-январынан баштап 26- августка чейин 780 млн 225 миң 530 сом түшкөн. Бул тууралуу Каржы минстрлигинин маалымат катчысынын орун басары Самат Тоялиев “Маралга” билдирди.

Атайын эсепке түшкөн каражаттардын 799 млн. 320 миң сому Бишкек жана Ош шаарларында жана Чүй облусунда жалпысынан 15 мектептин курулуш иштерин каржылоо үчүн жумшалууда.

Тактап айтканда, Бишкек шаарында 7 мектепке, Чүй облусунда 7 мектепке жана Ош шаарындагы Нариман айылындагы орто мектепке кошумча корпус куруу үчүн иштер жүргүзүлүп жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM