Биз менен байланышыңыз

1373 адам Кыргызстандын жарандыгын алды

Кыска кабар | 30 Авг 2019 | 591 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө 6 жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

4 жарлыкка ылайык, Кыргызстандын жарандыгына 1373 адам кабыл алынат (анын ичинен 1178 — чоң адамдар жана 195 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

2 жарлыкка ылайык, 638 адам (анын ичинен 532 — чоң адамдар жана 106 — балдар) Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылат.

Copyright © 2017 Maral FM