Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Азаттык радиосунун президентин кабыл алды

Кыска кабар | 29 Авг 2019 | 484 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Азаттык радиосунун президенти Джейми Флайды кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Джейми Флайды жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктады жана анын ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Президент белгилегендей, Кыргызстан демократиянын принциптерин жана ачыктыкты жогору баалайт, өлкөдө массалык маалымат каражаттарынын эркин жана толук кандуу иштөөсү үчүн бардык зарыл шарттар бар.

Сооронбай Жээнбеков сөз эркиндигин бекемдөө күчтүү жана ачык жарандык коомду куруунун, өлкөнү өнүктүрүүнүн башкы негиздеринин бири экендигин баса белгиледи.

Азаттык радиосунун  президенти Джейми Флай Кыргызстандагы оң маанайдагы демократиялык процесстерди, ачыктыктын деңгээлин жана сөз эркиндигин канааттануу менен белгиледи.

Ал Азаттык Радиосунун өлкөдөгү ийгиликтүү ишмердиги ачыктык жана ММКлар үчүн түзүлгөн шарттар менен шартталганын кошумчалады.

Жолугушууда сөз эркиндигин бекемдөө чаралары, демократиялык коомду курууда ММКнын ролу тууралуу пикир алмашуу болду.

Copyright © 2017 Maral FM