Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Казакстандын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Кыска кабар | 29 Авг 2019 | 372 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-августта, Казакстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Карим Кокрекбаевди анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Карим Кокрекбаевдин Кыргызстандагы жемиштүү ишмердигин белгилеп, анын эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, союздаштык, бир туугандык жана жакшы коңшулаштык мамилелерди бекемдөөгө кошкон салымын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Карим Кокрекбаевге бардык жакшылыктарды жана мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Карим Кокрекбаев, жолугушууга ыраазычылык билдирип, Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердигин жүргүзүүдө боордош элдин жана өлкөнүн жогорку жетекчилигинин колдоосун сезгенин белгиледи.

Ал эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерин бекемдөөгө болгон билимин жана тажрыйбасын колдонгонун баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM