Биз менен байланышыңыз

«TEZ JETтин» командири Дмитрий Палашкин «Эрдик» медалы менен сыйланды

Кыска кабар | 29 Авг 2019 | 430 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, кызматтык жана жарандык милдетин аткарууда өмүргө коркунуч келтирген шарттарда жасаган кайраттуу жана чечкиндүү аракеттери үчүн «TEZ JET» авиакомпаниясынын аба кемесинин командири Дмитрий Палашкин «Эрдик» медалы менен сыйланды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, TEZ Jet» авиакаттамына таандык учактын учкучу Дмитрий Палашкин
1-мартта кыймылдаткычы иштен чыгып калган учакты кондуруп, 96 жүргүнчүнү куткарып калган.



  

Copyright © 2017 Maral FM