Биз менен байланышыңыз

Бир катар аскер кызматчылары мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды

Кыска кабар | 29 Авг 2019 | 443 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, аскердик милдетин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн, ошондой эле көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу бир катар аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

«Даңк» медалы менен:

Руслан Мукамбетов — Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын күжүрмөн даярдык башкармалыгынын начальниги, полковник;

Азат Мусуралиев— Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскердик бөлүгүнүн «Капчыгай» чек ара заставасынын начальниги, улук лейтенант;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:

Айбек Аристокиев— Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 10128-аскердик бөлүгүнүн батальонунун командири, гвардиянын капитаны;

Уларбек Белеков— Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 75565-аскердик бөлүгүнүн радиолокациялык ротасынын командири, капитан;

Жаныбек Касманбетов— Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын кадрлар башкармалыгынын начальниги, полковник;

Рустам Садиков— Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин 02626-аскердик бөлүгүнүн бронетанкалык кызматынын начальниги, подполковник;

Абылкасым Тайкара уулу — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскердик бөлүгүнүн «Бөрү» атайын багыттагы отрядынын улук чалгынчысы, кенже сержант.

Copyright © 2017 Maral FM