Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Текебаев менен Чотоновдун баш коргоо чарасы каралат

Кыска кабар | 29 Авг 2019 | 771 | 0

Бүгүн, 29-августта саат 14:00дө «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу жактоочусу Таалайгүл Токтакунова “Маралга” билдирди.

«Биз өлкөдөн чыкпоо шарты менен үй камагына чыгарууну суранып жатабыз. Арызыбыз канааттандырылыш керек деген үмүттөбүз. Мыйзам  боюнча чыгарганга өзүнүн жүйөлөрү бар»-деди Таалайгүл Токтакунова.

Эске салсак, 21-августта Жогорку сотто «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралып, буга чейинки өкүмдөр жокко чыгарылып,
соттун чечимине ылайык, иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра карала турган болгон.

Copyright © 2017 Maral FM