Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков «Аль Бавани Ко ЛТД» компаниясынын аткаруучу директорун кабыл алды

Кыска кабар | 28 Авг 2019 | 417 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-августта, «Аль Бавани Ко ЛТД» компаниясынын аткаруучу директору Фахер Аль Шавафаны кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү, таза суу менен камсыз кылуу, ирригациялык тутум, социалдык объектилердин курулушу, энергетика жана башка тармактарда биргеликте кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Фахер Аль Шаваф «Аль Бавани Ко ЛТД» компаниясы рынокто 50 жылга жакын ийгиликтүү иштеп таанылгандыгын баса белгиледи.

Фахер Аль Шаваф белгилегендей, компания узак мөөнөттүү негизде ата мекендик экономиканын бардык ири тармактарында жана социалдык чөйрөдө долбоорлорду ишке ашырууга каражаттарды салат. Ал «Аль Бавани Ко ЛТД» компаниясы Президент Сооронбай Жээнбековдун Сауд Аравиясына расмий визити астында реалдуу долбоорлорду көрсөтүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков потенциалдуу инвесторлор менен кызматташууну арттыруу үчүн тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан зарыл болгон иш-аракеттер жүргүзүлөрүн ырастады.

Copyright © 2017 Maral FM