Биз менен байланышыңыз

Сентябрдан тартып салыктарын төлөбөгөндөрдү табуу боюнча рейд жүрөт

Кыска кабар | 28 Авг 2019 | 513 | 0

Мамлекеттик салык кызматы унаа, турак-жай, батир жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү аяктагандан кийин салыктарды төлөбөндөрдү табуу боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзө баштайт. Бул тууралуу аталган минстрликтин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзамга ылайык, салыктык милдеттенменин негизги суммасынан тышкары, салыкты мөөнөтүндө төлөөгө жетишпей калган транспорттун, турак жайдын жана жердин ээлери административдик айып акы, ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн туум төлөөгө аргасыз болушат.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 2-сентябрына чейин транспорт, турак үй, батир жана жер салыгын төлөө зарыл.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда, жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга – 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Copyright © 2017 Maral FM