Биз менен байланышыңыз

Усенбек Ниязбеков «Эрдик» медалы менен сыйланды

Кыска кабар | 28 Авг 2019 | 366 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-августта кол койгон Жарлыкка ылайык, аскердик милдетин аткарууда көрсөткөн жеке каармандыгы үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери, полковник Усенбек Ниязбеков «Эрдик» медалы менен сыйланды (курман болгондон кийин). Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери Усенбек Ниязбеков 7-августта Кой-Ташайылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда атылган октон алган жаракаттан улам каза болгон. 9-августта Ниязбеков «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюулган. 14-августта анын өлүмунө шектүү адам кармалгандыгы жарыланган.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM