Биз менен байланышыңыз

«Алматы-Бишкек» унаа жолундагы жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза болду

Кыска кабар | 27 Авг 2019 | 466 | 0

Казакстандын Жамбыл райондук ооруканасында кечээ, 26-августта жол кырсыгынан оор жаракат алган Кыргызстандын 1992-жылы туулган В.А. аттуу жараны каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер минстрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Алматы-Бишкек» унаа жолунун 132чи чакырымында 5-августа «Тойота Ист» жана «Тойота Камри 30» унаалары кагышып, натыйжада ар түрдүү жаракат менен Кыргызстандын 1992-жылы туулган В.А. жана 2001-жылы туулган В.И.  аттуу жарандары ооруканага жеткирилген.

Учурда жол кырсыкка байланыштуу иликтөө иштери Казакстандын укук коргоо кызматы тарабынан жүргүзүлүп жатат.

Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги тарабынан туугандарына консулдук-укуктук жардам берилүүдө. Ошондой эле Алматы полиция кызматы менен биргеликте маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү маселелери чечилүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM