Биз менен байланышыңыз

Нарын шаарынын тургундарынын 97 пайызы таза суу менен камсыз болушту

Кыска кабар | 22 Авг 2019 | 382 | 0

Нарын шаарынын тургундарынын 97 пайызы таза суу менен камсыз болушту, 40 пайызы канализация системасын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул тууралуу кечээ, 21-августта президент Сооронбай Жээнбековдун Нарын шаарын таза суу менен камсыздоо жана канализация системасын калыбына келтирүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен тааныштыруу учурунда маалымдашты.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Нарын шаарынын ичүүчү суу менен камсыздоо системасын модернизациялоого жана агып чыкма сууларды башкарууну өркүндөтүү ишке ашырылып, жалпысынан 6,2 млн евро кралган. Бул долбоордун алкагындагы курулуш иштери 2018-жылдын июнь айында башталган жана ушул жылдын аягына чейин аяктоо болжолдонууда.

Мамлекет башчысы социалдык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүп жатышкан өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөргө ыраазылык билдирип, региондордун жашоочуларын таза суу менен камсыздоо маселеси жеке көзөмөлүндө турганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM