Биз менен байланышыңыз

Эми «Тянь-Шань» ишканасы Орусияга форель экспорттойт

Кыска кабар | 20 Авг 2019 | 663 | 0

Бүгүн, 20-августта жеке ишкер Илгиз Шаменов жетектеген «Тянь-Шань» форель ЖЧКсы Орусиянын «Продмассив Сибирь» ЖЧКсы менен Кыргызстанда өстүрүлгөн форелди Орусияга экспорттоого макулдашылды. Бул келишимдин негизги наркы 3 млн. долларды түздү.

«Тянь-Шань» форель ЖЧКсынын директору Илгиз Шаменовдун айтымында, Кыргызстанда өстүрүлгөн форелди башка өлкөгө чоң суммада экспорттоо жана балык чарбачылыгын өнүктүрүүдө Кыргызстандагы алгачкы кадамдар жүрүп жатат.

Ошондой эле, Кыргызстанда өстүрүлгөн форель дүйнө жүзүндө алдыңкы сапта турат.

Эске салсак, ушул жылы президент Сооронбай Жээнбеков атайын иш сапары менен жеке ишкердин чарбачылыгы менен таанышып, мамлекет тарабынан колдоо болорун айтып, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан да жеке ишкерге колдоо болорун айткан.

Copyright © 2017 Maral FM