Биз менен байланышыңыз

Зыяратка кеткен Ажылардын алгачкы тобу Кыргызстанга келди

Кыска кабар | 18 Авг 2019 | 658 | 0

Кечээ, 17-августта түнкү саат 22:28 де кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Жидда-Бишкек багыты боюнча Бишкек шаарына келип түштү. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Алгачкы каттамда 400 ажы келишти.

Ажыларды Азирети муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев баш болгон бир катар диний кызматкерлер тобуп алышты.

17-августтан тартып 1-сентябрга чейин кыргызстандык ажылар Жидда-Бишкек, Жидда-Ош жана Медина-Ош  багыттары боюнча Кыргызстанга кайтып келишмекчи. Жалпысынан 18 каттам уюштурулган.

Эскерте кетсек, быйыл Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлиги бул жылы Кыргызстанга 6010 квота бөлүп берген.

Copyright © 2017 Maral FM