Ажыларыбыздын алгачкы тобу бүгүн Кыргызстанды көздөй жолго аттанат. Муфтияттан кабарлагандай, алар ажылык амалдарын ийгиликтүү аткарышып, Мина өрөөнүнөн толугу менен Мекке шаарына кечээ кайтып келишкен. 17-августтан 1-сентябрга чейин мекендештерибиз Жидда-Бишкек, Жидда-Ош жана Медина-Ош багыттары боюнча өлкөбүзгө кайтышат.
“Ажылыкты уюштуруу штабы ажылардын мекенибизге кайтуу каттамдарын тактап бүтүштү. Быйыл ажылык ишин жогорку деңгээлде уюштурууга бардык күч аракеттер жумшалды”, — деп айтылат муфтияттын билдирүүсүндө.
Кыргызстандык ажылар үчүн быйыл ыйык Харам мечитинен мейманканага каттап туруучу атайын автобустар уюштурулуп кызмат көрсөттү. Алар 25-августка чейин өз иштерин улантат.